2023-жылдын 11-январь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Тилдерди Z муунга окутуунун технологиялары” аталышындагы семинар-тренинг башталды. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн Улуттук университеттин мамлекеттик тил сектору тарабынан уюштурулган иш-чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, мамлекеттик тилде кесиптик билим берүү - баарыбыздын милдетибиз экендигин белгиледи.
Тренинге Кыргызстан Эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдери катышууда.