Форум «Жаңы муун - Жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек»

2025-жылдын 5-март күнү Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028 жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү концепциясынын” жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде форум болуп өттү.

Иш-чарага Чуй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, спортчулар, жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары катышты. Ошолордун катарында Политехникалык колледжинин студенттери да активдүү болушту.

Форумдун максаты – жаштар арасындагы баңгизаттын жайылышынын алдын алуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн конституциялык укуктарын коргоону камсыз кылуу жана өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу.

Иш-чарада форумдун катышуучуларын куттуктап, жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алууга салым кошуп жаткандары үчүн ИИМдин жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдирилип, форумдун негизги максатын белгиледи.

Форум 1
Форум 2